Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өч алган Бекжандын сабалганы камерага түшүп калган (видео)

Москвада жөө адамдардын тобун машина менен сүздүрүп кеткен айдоочунун аңгемеси. Сот аны камакка алууга чечим чыгарды

Жөө адамдары машина менен сүздүрүп кеткен кыргызстандык 20 жаштагы Бекжан Сарбишев эки айга камакка алынды. Чечимди Москва шаарынын Кузьминский соту кабыл алды.
Орусиялык ММКлардын билдиргенине караганда жол кырсыгы тууралуу «Эки же андан ашык адамдарды жалпыга коркунучтуу ыкма менен өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.  

НТВ телеканалынын журналисттерине окуянын күнөөкөрү атайылап бул ишти жасагандыгын айтып берген. Ал ушундай жол менен өзүн ыза кылгандардан өч алган.



Жабыркагандар менен Бекжандын ортосунда кафеде жаңжал чыккан. Алар Бекжандын эжеси тууралуу жаңжалдашкан, ал эжесине болушкан.

Жаңжалдын натыйжасында Бекжанга 15 киши жабылган. Муну ошол жердеги видеобайкоо тастыктайт.

Экспертиза күнөөкөрдүн ошол кезде соо экендигин аныктады.

Эске салсак, окуя 9-сентябрь күнү Москвада болгон. Орусиянын жараны Бекжан Сарбишев Volkswagen Polo менен жөө адамдардын тобун тебелетип кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында жөө адамдардын бирөө каза болду. Баары болуп тогуз адам жаракат алган. Алардын үчөө ооруканада оор абалда жатат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх