Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кокусунан уктап калышкан. Машинаны көчөгө токтотуп уктап калышкан маичилер жазаларын алышты

Милиционерлер өз түшүнүк каттарында 16-18 сааттан иштеп, катуу чарчап калышкандыктарын билдиришкен

Өздүк машинасынын ичинде уктап калган маичилерди жоопко тартышты. Кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн ИИМ кызматтык иликтөө жүргүздү.

Vesti.kg сайтына ИИМ маалымат кызматы билдиргендей текшерүүнүн натыйжасында ал тартылган видео 2018-жылы 29-августта тартылгандыгы белгилүү болгон.

В 4985 AL номерлүү «Форд-Фокус» автоунаасынын салонунда эки милиция кызматкери уктап калышкан. Алар милициянын прапорщиги Б.К. жана милициянын старшинасы Т.М., - деп билдиришти ИИМ.

Кызматкерлер 2018-жылы 29-августта саат 06:00 Бишкек ШИИБ боюнча ЖКККБ болушуп, көрсөтмө алган соң, Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишине келишкен.  Күчөтүлгөн режимде суткасына 16-18 сааттан иштеп өзүн жаман сезген Б.К. 5 мүнөткө уктап калган. Ал эми старшина Т.М. болсо кокусунан уктап калыптыр.
Кызматтык иликтөөнүн натыйжасында ЖКККБ кызматкерлерине «катуу сөгүш» берилди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх