Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кашаанын түбүндө мас болуп уктап калган милиционер катуу сөгүш алды

Ал батага барып спирт ичимдигин ичкен соң кыйналып калгандыгы белгилүү болду

Кашаанын түбүндө уктап калган милиционерди жазалашты. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милициянын ага лейтенанты С.Н.га"катуу сөгүш" жарыяланган. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоочулартын маалыматы боюнча, видео 2018-жылы 18-апрелде тартылган.

- Текшерүүнүн жыйынтыгында бул кызматкер Ала-Бука райондук ички иштер органынын коомдук коопсуздук кызматынын аймактык тескөөчү милиционери аныкталды. Ошол күнү болжол менен саат 12:00 чамасында ал Ак-Там айылындагы батага барган, ал жерден спирт ичимдигин ичип алган. Андан кийин ал өзүн жаман сезип, машинаны жол жээгине токтотуп, өзү болсо төшөк салып жатып уктап калган, - деп маалымдады ИИМден.


Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты соцтармактарда милициянын кийимин кийген адам кашаанын түбүндө уктап калганын тартып алган видео тууралуу жазганэле.
Жанында болсо анын «Мазда 626» маркасындагы  «В 7806 АА» мамлекеттик номери бар машинасы токтоп турган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх