Караколдо 8 контейнер күйүп кетти. Өрттөн кийинки тасмалар (видео)
ӨКМ маалыматы боюнча, жабырлануучулар жок. Келтирилген зыян эсептелип жатат
Каракол шаарынын «Ак-Тилек» базарында өрт чыкты. Кыргызстандын ӨКМ маалымат кызматынын Vesti.kg сайтына билдиргенине караганда, өрт чыккан жерде 4 өрт өчүрүүчү эсеп иштеген.
8 контейнер толугу менен күйүп кеткен. Жабыр тарткандар жок.
Өрт тууралуу билдирүү саат 22:35 келип түшкөн, өрт саат 02:10 толугу менен өчүрүлүп бүткөн. Баары болуп 836 квадрат метр жер күйгөн, - деп билдиришти министрликтен.
Тармакта өрттөн кийинки тартылып алынган тасмалар пайда болду. Соода түйүндүн ээлери күйүндүлөрдү ирээттеп жүрүшөт. (видео)
Чыгым эсептелип жатат.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз