Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Велосипедченди сүзүп салып качып кеткен таксист кармалды (видео)

Жабырлануучуну отургучка таштап коюп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен

«Намба» таксинин айдоочусу 17 жаштагы велосипедченди сүзүп кетип кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМ ЖКККМБ маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгы кечээ Абдымомунов көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгон.

Көрүп тургандардын айтуусу боюнча, айдоочу жабырланганды отургучка отургузуп салып качып кеткен. Өспүрүм бала болсо өзүн жаман сезип турган болчу.
Ал жерге келген медиктер жабырлануучунун баш сөөгүнө зака кеткендигин аныкташкан. Ал 3-балдар ооруканасына жеткирилген.

Укук коргоочулар билдиргендей, качып кеткен айдоочуну түндө араң кармашкан.

- Ыкчам-иликтөө кызматкерлеринин аракетинин натыйжасында «Намба» таксинин айдоочусу  Бишкектин тургуну 1984-жылы туулган У.С.М. кармалган.

Автоунаа айып аянтчасына коюлду. Иштин материалдары тергөө башкармасына жиберилди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх