Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эгиз кыздардын кыйноочусу жазадан кутула албайт

Кичинекей кыздарды сабоо тууралуу ишти Чүй облустук сотуна кайрып беришти. Прокуратура каяша сунушу менен чыкты

Мыкаачылык менен урулган эгиз кыздардын иши Чүй облустук сотуна кайра келип түштү. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Жогорку соттон билдиришти.

- Свердлов райондук прокуратурасы Сокулуктагы эгиз кыздардын сабалганы тууралуу кылмыш ишин токтотуу тууралуу соттун чечимине каяша сунушун жөнөттү, - деп түшүндүрдү мекемедегилер.
- Эми бул окуя облустук сотто каралат.

Эске салсак, Vesti.kg сайты Сокулукта сабалган эгиз кыздар тууралуу жазган болчу. Ал кыздарды чачылган буурчакка отургузуп, метал зым менен сабаган. Ал киши кармалып, тергөө абагына киргизилди, бирок кыздардын апасы күйөөсүнө арыз жазуудан баш тарткан. Соцкызматкерлер укук коргоо органдарына кайрылышты. Ал кишиге «Кыйноо» беренеси бюнча кылмыш ишин козгошту. Кылмыш иши соттун токтому менен мурда токтотулуп калган болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх