Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиционерлердин ишкерлерге жазган каты: Кызматтык иликтөө башталды

Ишкерлерден кылмыш иликтөө Кызматынын күнүн майрамдоого акча сурашкан

Жалалабат облустук ИИБ жетекчилик өкүлдөрүнүн ишкерлерге демөөрчүлүк жардам сурап кайрылуу фактысы тууралуу кызматтык иликтөө башталды
Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

- Кат тармакка шардана болгондон кийин, кечээ кызматтык иликтөө башталды, - деп маалымдады ИИМ.
Эске салсак, ЖК депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Twitter-аккаунтуна Жалалабат облустук ИИБ кылмыш милициясынын начальнигинин ишкерлердин дарегине кайрылуусун сүрөтү менен жарыя кылган.

Катта милиция Кыргыз милициясынын кылмыш иликтөө кызматынын күнүн майрамдоого демөөрчүлүк жардам сурап кайрылган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх