Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бала милицияга барып келгенден кийин оозу-мурдунан, кулагынан кан кетип, өлүп калды

Каза болгон жарандын туугандары РИИБ кызматкерлерин жазага тарттыра албай жатышат

25-сентябрь күнү саат 15:00 Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук отурум болот. Анда милиция кызматкерлери өлтүргөн Турдубек Акматовдун моралдык зыяны тууралуу каржы Министрлигинин ордун толтуруусу каралат.
 
Болуп өткөн окуя:

2005-жылы 3- май күнү милиция кызматкерлери Турдубек Акматовду чакырып, андан соң Өзгөн районунун мырзаке айылындагы милиция бөлүмүнө камалган. Аны 10 саат суракка алышкан. Алты милиция кызматкерлери тепкилешкен. Ууурулукту мойнуна албагандыгы үчүн сабашкан. Ошол кечте  саат 19:00 Акматовду үйүнө коё беришкен. Ал үйүнө  араң жетип, болгон окуяны атасына айтып берген. Ушундан соң анын оозу-мурдунан, кулактарынан кан кеткен. Ошол кесте ал кайтыш болгон.
 
Баласынын өлүмү тууралуу атасы прокуратурага кайрылган. Экспертизанын жыйынтыгында Турдубектин башында, көкүрөгүндө жана ичинде оор жаракаттар бар экендиги аныкталган. Ал жаракаттар оор, жумуру нерсе менен урганда келтирилген. 21 күн дегенде Өзгөн прокуратурасынын тергөөчүсү КР КК 97-беренеси менен (Өлтүрүү) кылмыш ишин козгогон.

Медэкспертизанын тобунун жыйынтыгы боюнча Турдубектин денесиндеги жаракаттар өлөөрдөн бир нече саат мурун келтирилгендиги аныкталган. Бул өлгөн адамдын ошол убакта милицияда отурган убактысына туш болот. Андан сырткары, күзөттө турган милиционер адегенде Турдубекти кармап келишип, суракка алышканда сабашкандыктарын тастыктаган.
 
Ушул так далилдерге карабастан Акматовдун өлүмү тууралуу иликтөө 2011-жылга чейин созулду. Ушул алты жыл ичинде иш алты жолу токтотулду. Күнөөлүү милиционер жазага тартылган жок.
 
Ушуга байланыштуу ачуусу келген атасы адам укугу боюнча БУУнун комитетине кайрылган. Жыйынтыгында  2015-жылы Турдубек кыйноодон улам көз жумган деген чечим чыккан.  Биздин өлкөгө ыкчам иликтөө кылып, айыптууну жазага тартып жана келтирилген зыянды толуктоо тапшырылган.

бул чечим чыккандан кийин атасы акыйкатчылыкты көргөн жок жана күнөөлүү адам камалган да жок. 2018-жылы Турдубектин иниси Чыңгыз агасынын өлүмүнө компенсация төлөп берүү арызын берген. Сот жараяны Биринчи май райондук сотунда болот.
 
Сот жараяны акыйкатсыз өтөт, анткени мамлекеттик органдар аны сабаган милиция кызматкери жок, демек чыгым да төлөнбөйт дешет.  Ал эми РИИБдин имаратындагы адам өлтүрүү аларга жетишсиз далил экен.

Кыргызстандагы кыйноолорго каршы катчылыктын Коалициясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх