Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдоочу маичиден качып, кафенин ажатканасына бекинип алган (видео)

Автоунаанын ээсинин жанында унаага тийешелүү документтер болгон эмес

Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү кармоо максатында кыдырып жүрүшкөндөр таң калыштуу бир окуяга дуушар болушту.

«Лексус» автоунаасынын айдоочусун ЖКККУБ инспектору токтоткондо, ал унаасын кафенин жанына токтотуп коюп, өзү имараттын ажатканасына бекинип алган.

Жол кайгуул милициясына кафенин айланасын бүт кыдырып издегенге туура келген.

Айдоочу болсо ичим ооруп ажатканага киргем деп актанат. Бирок кийин белгилүү болгондой анын жанында унаага тийешелүү документтер жок болуп чыкты.

Укук коргоочулар транспортту айып аянтчасына койдуруп, протокол түзүштү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх