Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мас болгон кыргызстандык чиновник аялды Сеул-Алматы сапарынан калтырып коюшту

Окуя тууралуу бул жаңжалдуу учактын жүргүнчүсү депутат Аида Исмаилова айтып берди

Кыргызстандын бир министрлигинин кызматкерин мас болгондугу үчүн учактан түшүрүп салышты. Бул туурасында депутат Аида Исмаилова фейсбуктагы өз баракчасына жазып чыкты.

«Биздин баарыбызды Сеул-Алматы сапарындагы учактан түшүрүп салышты, анткени арабызда Кыргызстандын бир министрлигинин бийик даражалуу чиновник аялын чылк мас болгондугуна байланыштуу 1,5 саат ичинде учактан чыгара албай коюшту. Жазбай эле коёюн дедим эле, бирок ачуума чыдабадым. Азыр таптакыр учпайсыңар деди. Айланабызда жалаң чет элдиктер… Шермендечилик! Уят!», - деп жазат эл өкүлү.  
(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды).

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх