Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттык сактоо Министрлигинин башчысынын мурдагы орун басары ымыркайларды сатууга аралашканбы? Мурдагы чиновниктин жообу

Тармакта «адам сатуу» беренеси боюнча кармалган дарыгерлер тууралуу маалыматтар шардана болду

Бишкекте ымыркайларды сатууну саламаттык сактоонун мурунку министринин орун басары Амангелди Мурзалиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова көзөмөлдөп турушкан.

Дарыгерлердин иши тууралуу статья фейсбук социалдык тармагындагы «Компромат» группасында жарыя болду.

«Балдарды сатууда бир эле гинокологдор эмес Кыргызстандын жогорку даражалуу чиновниктери да катышкандыгы белгилүү болду. Медиктердин кылмыштуу иштеринин артын жаап жана ымыркайларды жана алардын өлүктөрүн сатуунун так көрсөтмөлөрүн  берип турушкан», - деп жазат автор.  

Ушул себептен Vesti.kg сайты саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Амангелди Мурзалиевге комментарий үчүн кайрылды. Ал бул маалыматты чындыкка коошпойт деди.

- Кимдир бирөө мени каралагысы келген го, - дейт амангелди Жолдошбекович. - Биз тескерисинче коррупция менен күрөшүп, тартипке келтирдик. Эгер муну ким жазгандыгын билсем сотко берем.

Ал эми эл өкүлү Гүлкан Молдобекова болсо телефон үчүн жеткиликсиз.

«ММКда өлгөн ымыркайдын денеси  машинадан табылып, кээ бир органдары жок болгон деп жазуудан чарчашпады. Чет мамлекетке сатса көп акча болот экен. Ата энеси боздоп жатса, саламаттык сактоо министрлигиндегилер акчага тунушту, - деп жазат автор. Кармалган Эльвира Чудубаева менен Жибек Өмүрзакова ЦСМ-1 иштешкен, менчик поликлиникада да кошумча иштешкен.  ошол жерден кылмыштуу абортторду жасашка. Эркинай Молдокматова менен Бактыгүл Турдалиева бул иштерди дамаамат кылып турушкан. Маалыматтарга караганда бул экөөнүн Аппаратта жана Министрликте байланыштары болгон, антпесе капкачан темир тор артында калышмак».

Белгилей кетүүчү нерсе, 2014-жылы Эльвира Чунду баева бала саткандыгы үчүн УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

«Бирок аны камашкан жок, ишти Башпрокуратуранын деңгээлинде бүтүрүп коюшту. Ал эми Жибек Өмүрзаковга болсо кылмыш иши жакында гана 2017-жылдын январында козголгон. Бала сатуу боюнча айыпталып, бирок 15 миң доллар берип чыгып кеткен», - дейт автор.

Ал ортодо Vesti.kg сайты ИИМге кайрылганда мурда камалган медицина кызматкерлери жок экендигин, бирок иликтөө болуп жаткандыгын айтышты.
Жогорудагы маалыматты такташкан да , четке да кагышкан жок.

- Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кармалгандар билдирилбейт, толук маалыматты кийин беребиз, - деп жооп беришти ИИМ маалымат кызматынан.

Адан сырткары, автордун маалыматы боюнча, бала сатууга айыпталуучулардын өздөрүнүн кеңселери болгон.


«Аларды кармаганга чейин алар Бишкектин Свердлов районуна караштуу жерден бир үйдү батирге алып алышып, кылмыштуу абортторду жасоону көздөшкөн», - деп жазат автор.

Эске салсак, ымыркай саткан дарыгерлердин кармалгандыгы 2-18-жылы 10-сентябрда белгилүү болду.
Учурда 4 медик камалып турат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх