Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сеулдун учагынан түшүрүп салышкан мас чиновник аял социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп чыкты

Зууракан Каденова борткоштоочуга кыйкырып,  элчилик паспортун мурдуна такаган

Сеул - Алматы - Бишкек сапарындагы учакта жаңжал чыгарган аял социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Зууракан Каденова болуп чыкты. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Кореядагы элчилиги тактады.
Элчиликтегилер Кыргызстандын жаранына жардам берип коюу тууралуу коңгуроо болгондугун белгилеп кетишти. Элчиликтин кызматкерелери аны тосуп алып мейманканага жаткырышы керек болчу.

Окуянын күбөлөрү аялдын мас экендигин айтышат, борт коштоочуга кыйкырып, элчилик паспортун булгалап тигинин мурдуна такаган. Экипаждын командири жүргүнчү аялды сапардан калтырууну чечкен. Учактын учуп кетүүсүн 2 саатка кармаган.

Эске сала кетсек, мурдараак Vesti.kg  сайты Кыргызстандын министрликтеринин биринин кызматкерин мас болгондугуна байланыштуу сапардан калытырышкандыгын жазган болчу. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева фейсбуктагы өздүк баракчасына жазган болчу.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх