Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскер институтунда курсант каза болду. Аны эртең менен эс-учун жоготкон абалда табышты

Алдын ала маалыматтар боюнча, жаш жигит дарыгерлер келгиче каза болуп калган

Бишкектин Аскер институтунда 2-курстун курсанты каза болуп калды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына  Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, жигит эртең менен эс-учун жоготкон абалда табылган.

- Алдын ала белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, саат 7 чамасында аны курсташтары жерде эс-учун жоготуп жаткан абалда табышкан. Аны санитардык бөлүккү жеткирип, тез жардам чакырышкан. Ал дарыгерлер келгиче үзүлүп кеткен, - деп билдиришти Башкы штабдан.

КК БШ түшүндүргөндөй, саат 7:00 күн сайын эртең менен зарядка болот. Каза болгон курсант медицинлык көрсөткүчтөрү боюнча андан бошотулган болчу.

- Жайкы каникул убагында ага операция кылынган, ошондуктан ал физзарядкадан бошотулган, - дешти алар. - Учурда ал жерде аскер прокуратурасы иштеп жатат. Толугу менен кийинчерээк билдиребиз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх