Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Колун кесип салгандан кийин каза болгон кыз: Дарыгерлерге сөгүш берилди

Бир хирургду кызматынан убактылуу четтетишти. Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы саламаттык сактоо министринин орун басарында турат

Колун кесип салгандан кийин каза болгон кыздын өлмүмү фактысы боюнча дарыгерлерге сөгүш жарыялашты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саламаттык сактоо Министрлигинин дары саясаты жана алгачкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо Министрлигинин жумушчу тобу текшерүүнү жыйынтыктады.

- Жыйынтык министрдин орун басарында турат, ал азыр чет жакта жүрөт. Текшерүүнүн жыйынтыгында  Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирургуна сөгүш жарыяланган, анткени ал биринчи караган. Андан сырткары, Ананьево айылындагы нөөмөттө турган дарыгер убактылуу кызматынан четтетилди, - деп маалымдады Калмаматов.
Эке салсак, каза болгон 8 жашар Мадина Ысык-Көл облусунда чоң энеси менен жашаган.
3-сентябрда кыз жыгылып түшүп, колун сындырып алган. Алар болсо медициналык жардамга 5-сентябрь күнү гана кайрылышкан. Убакыттын өтүшү менен кыздын абалы оорлошо берген. Ал ооруканага гангренасы менен жаткырылган.

Бишкекте наристенин колун кесип салышкан. Ал операцияны көтөрө албай ооруканада көз жумган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх