Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР ИИМ кызматкерлери кандай маалыматтарды америкалыктарга беришкендиги аныкталды

АКШ элчилигине ишке орношуп алган мурдагы милиционер  мурунку өзүнүн ИИМдеги кесиптештери аркылуу маалыматтарды алган

КР ички иштер Министрлигинде мурунку жана учурдагы милиция кызматкерлеринин маалыматтарды АКШ Элчилигине ташыгандыгы тууралуу сот өкүм чыгаргандыгын такташты.

Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун билдиргенине караганда, жоопкерчиликке тартылган жарандар качандыр бир убакта ИИМде иштеген.  
«Ооба, алардын бирөө мурда бизде иштеген, кийин элчиликке ишке кириптир. Ал кеткени менен бул жерде кошо иштеген тааныштары калган да. Ал ошолордон маалымат алып турган. Ал алган маалыматтарды мен көрдүм, машиналардын номерлерин тактоо жана башкалар экен», - деп белгиледи ал.  

Жогорку сотто иш Биринчи май райондук сотунда каралат деген, бирок ага жашыруун деген гриф коюлган. АКШ элчилиги болсо үн катпайт. Мурдараак «Дело №» гезити 19-сентябрда «Кыргызстандын офицерлери АКШнын тыңчылары» деген статью чыгарган болчу. Анда мурунку ИИМ кызматкерлери, азыр АКШ Элчилигинде иштеп жатышкан Самат Шерипбеков жана Кумарбек Чалданбаев жана офицерлер Мирлан Тойчиев менен Эмилбек Карачевдер чет элдиктерге маалымат ташыгандыгы үчүн айыпталышкандыктары көрсөтүлгөн.
 
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх