Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте «парковщикти» урган айдоочуну Нарындан кармашты

Карамалган кишини кандай жаза күтүп тургандыгын азырынча милиция билдире элек

Машина менен парковщикти сүзүп туруп, анан түшүп келип сабаган кишини Нарындан кармашты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

- Аны Бишкекке алып келишти, азыр укук коргоо органдары текшерүү жүргүзүп жатат, - деп тактады ал. Жаңжалдын себептери аныкталып жатат. Парковщик мэриянын кызматкери эмес экен. Бирок ал биздин шаардын тургуну, ошондуктан мындайга жол берүүгө болбойт. Ошондуктан биз бул окуяга көңүл бөлдүк.

Бишкек ШИИБнө Vesti.kg сайты комментарий үчүн кайрылганда, алар азырынча жооп бербей турууну чечишти.

- Айдоочунун өздүгү аныкталды, азыр текшерүү жүрүп жатат. Жыйынтык чыкса белгилүү болот кандай жаза колдонулаары, - деп жооп беришти ШИИБ маалымат кызматы.

Ал арада милициядагылар материалдар Свердлов райондук ИИБ тергөө бөлүмүнө жиберилди деп маалымдашты.

- Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, - деп аякташты андагылар.

Эске салсак, кечээ м социалдык тармагында бул окуянын видеосу жары болгон эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх