Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милициялардын бейбаштык менен ок атуусу: Кылмыш иши козголду

Биринчи май РИИБи өзүнүн кесиптештеринин кылмышын жашырганга аракет кылып жатат, - деп Прокуратура белгилеп өттү

Бишкек шаардык  Биринчи май райондук прокуратурасы Бишкек ШИИБнин жана Биринчи май РИИБинин кызматкерлерине карата  КР КЖКнын “Бейбаштык” 234-статья, “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” 304-статья жана “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” 305-статья боюнча 26-сентябрда кылмыш ишин козгоду.
 
10-сентябрдан 11-сентябрга караган түнү Бишкек ШИИБнин ыкчам иликтөө тобунун кызматкери Н.Н. И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Империя пиццы” кафесинин жакын жерден белгисиз ок атуучу куралдан ок чыгарып, ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, бейбаштык иш-аракеттерин жүзөгө ашырган. Жыйынтыгында ок А.Э. аттуу ИИМнин МАККББнын  Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн милициясынын оң бутуна тийген.
 
КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымкатына ылайык А.Э. “оң санынан ок аралап өткөн” деген диагноз менен Бишкектеги №2 Травматология бөлүмүнө жаткырылды.
 
Бул факты  боюнча 11-сентябрда өзүнүн кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланылган окуянын болгон жерине Биринчи Май райондук ИИБнин ыкчам иликтөө тобу барып, жогоркуда айтылган кылмыш ишин жашырып коюшкан жана күнөөлүү тарапка кызматтык чара колдонушкан эмес.

Кылмыш иши иликтөөнү уюштуруу үчүн компетенттүү органга берилди.

Башкы прокуратуранын пресс-борбору
Фото www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх