Бишкектин чок ортосунда жүк ташуучу машина маичини сүзүп кетти
Айдоочу кармалды. Милиционерди тез жардам алып кетти
Бишкекте жүк ташуучу авто жол кыймылын жөнгө салуу Башкармалыгынын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Милициянын билдиргенине караганда, жол кырсыгы бүгүн Чүй проспекти менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде болгон.
- Кызматкер С.М. жаракат алып ооруканага жаткырылды. Автоунаанын айдоочусу кармалды, - текшерүү жүрүп жатат, деп билдиришти ЖККУБ.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз