Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте улгайган «парковщикти» сабаган киши СИЗОго киргизилди

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатат

Бишкекте улгайып калган «парковщикти» сабаган киши СИЗО-1 ге киргизилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор шаардын ШИИБ маалымат кызматы билдирди.

Азыр соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жаткандыгы белгилүү болду.
- Кармалган киши 20 күнгө СИЗО-1 ге камалды. Бөгөт коюу чарасын Свердлов райондук соту көрдү, ө деп маалымдады борбор шаардын милициясы.

Эске салсак, окуя 25-сентябрь күнү Бишкекте болгон. «Мерседестин» айдоочусу  «мега комфорт» СБ парковкада иштеген кишиге кол салган.

Шектүү 26-сентябрь күнү Нарын облусунан кармалып, ШИИБ тергөө абагына камалган.
Бул факт боюнча КР КК «Бейбаштык» беренеси - 234 менен кылмыш иши козголду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх