Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маршрутканын айдоочусу музыканы акырындатып кой деген жүргүнчү аялды сабап салды (видео)

Милиция бул окуя боюнча фактыны текшерип жатат

Бишкектен Кара-Балтага каттаган №302 маршрутканын айдоочусу жүргүнчү аялды кичинекей балдардын көзүнчө сабаган. Бул тууралуу Facebook соцтармагында күбө болгондор билдиришти.

Алардын айтымында, жаңжал кечээ болгон, аял айдоочудан музыканы акырындатышты өтүнгөн.

«Токтотуп алып, көчөгө сүйрөп түшүп, жаш балдарынын көзүнчө сабады», - деп жазат видеонун автору.  



Бул факт боюнча милиция текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облусунун ЖККУБ маалымат кызматы билдирди.

- Азыр кызматкерлер бул маселе боюнча чыгып кетишти. Өздүгүг такталып, чара колдонсок, толугураак маалымат беребиз, - дешти ЖККУБ

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх