Ысык-Көлдүн жээгинен капка салынган баланын өлүгүн табышты
9 жаштагы бала аутизм менен жабыркаган
Чолпон-Атада  муунтуп өлтүрүлгөн 9 жаштагы баланын өлүгү табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ИИБ маалымат катчысы сталбек Усубакунов билдирди. 
Милициянын маалыматы боюнча, баласынын жоголгондугун ата энелери кечээ билдиришкен. 
- Саат 10:00 жоголду деген маалымат түштү, - дейт ал. - Бала майып болчу, аутизм менен жабыркаган. Бир аз убакыт өткөн соң, саат 15:00 чамада Ысык-Көлдүн жээгинен анын денесин табышты. Моюнуна тор капты ороп салышыптыр. Азыр экспертиза анын киши колдуу болгондугун же суицид экендигин аныктаганы жатат. 
Каза болгон бала Чолпон-Атада жашаган.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
