Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын жараны өз автоунаасынын алдында калып каза болду

Машина жылып кетип, алдындагы кишини 30 метрдей жерге сүрүп кеткен. Ал эсине келе албай, ооруканада каза тапты

Аксы районунун Кошө-Дөбө айылынын тургуну өз автоунаасынын алдында калып каза болду. Болгон окуя тууралуу Vesti.kg сайтына Жалалабат облустук ИИБ маалымат кызматы билдирди.

Милиция маалымдагандай, бул каргашалуу окуя ушул жылдын 13-октябрында, түнкү саат 23:00 болгон.

Азамат аттуу 1974-жылы туулган киши өзүнүн микроавтобусу менен Бишкекти көздөй жол тарткан.

- Жолдо анын машинасы бузулуп калган, - деп билдирет ИИБ. - Анын жанында таанышы кошо болгон. Алар жол жээгине токтоп, артыңкы дөңгөлөккө таш коюшкан. Бирок, бир убакта машина жылып кетип, аны 30 метр жерге сүрүп кетти.
Алган жараатынын айынан Азамат эс учун жоготкон абалда ооруканада жан берди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх