Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМде милиционерди сабашкан эмес, бирок ал ооруканада. Анда дарыгерлерди жазалашабы?

Ички иштер Министрлигиндегилер прокуратура аймактык тескөөчү дене жаракатын алган деген медицина кызматкерлерин текшерет деп билдиришти

Бүгүн ИИМ ички иликтөө кызматынын начальниги Талантбек Акматов маалымат жыйынында аймактык тескөөчүнүн ИИМ имаратында сабалгандыгы тууралуу окуя боюнча өз сөзүн айтты.

Талантбек Үмөталиевич аймактык тескөөчүнү МКК катталбаган автомобилди пайдалангандыгы тууралуу текшеришкен. Кармаган учурда милиционер каршылык көрсөткөн жана ИИК кызматкерлерин бул кылыгы менен каардантты. Анан ал аларга карата арыз жазып, аны сабашкандыгын жана суракта кыйнашкандыгын айткан.

«Мунусу менен ал өз кылмышын жашырып жатат - ал өлкөгө кымбат машинаны аткезчилик менен алып келген», -  деди ИИМ ИИК начальниги.

Ошону менен эле бирге Акматов медициналык күбөлөндүрмөнүн жыйынтыгында милиционердин эч кандай жаракат албагандыгы аныкталгандыгын тактады.
Бирок Vesti.kg  сайтынын кабарчысы Ленин РИИБ коомдук коопсуздук кызматынын инспектору Улан Абдубаков менен жоолугушкан. Анткени андан интервью алган учурда ал мекеменин ооруканасында жаткан. Анын үстүнө, аймактык тескөөчү башынын жумшак ткандары жанчылгандыгы жана жонундагы, акырегиндеги шишиктер тууралуу медициналык документтерди көрсөткөн. Андан да омурткаларында да маселе бар өңдөнөт. Ушул жерден суроо туулат: дарыгерлер жалган документ беришкенби? Мындай боло турган болсо, кеп дарыгерлердин кылмыштуу иши тууралуу кеп болот.

Vesti.kg  сайтынын бул суроосуна ИИМ маалымат кызматы прокуратура бул медициналык документтерди текшерет деп жооп берди.

- Аймактык тескөөчү аны урду дегенден бир сутка өткөн соң гана ооруканага жаткан. Прокуратура анын бул документтерди кайдан алгандыгын аныктайт, - деп белгилешти милициянын мекемесиндегилер.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты ИИМ ИИК кызматкери Ленин РИИБ аймактык тескөөчүсүн ИИМдин имаратынын ичинде сабап салгандыгы тууралуу жазган эле. Бул туурасында жабырлануучу өзү айтып берген. 

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх