Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде бир жигитти 12 жаштагы кыз менен төшөктө жаткан жеринен табышты, бирок кармашкан жок

Милиция мектеп жашындагы кыз өзү жаталы деген деп түшүндүрөт. Башка бир сөздөр боюнча, кызды уруп, мажбурлап, зордуктоого аракет жасаган соң коркуткан

Баткенде 21 жаштагы жигит 12 жашар мектептин окуучусун уурдап кетип, зордуктоого аракет жасаган. Жабырлануучунун туугандарынын айтуусуна караганда милиция шектүүнү камагандан баш тартып жатат. Окуянын чоо жайын Vesti.kg сайтына жарандык активист Роза Маманова айтып берди.

Анын айтымында , окуя ушул жылдын 15-октябрында саат 19:00 болгон. 21 жаштагы Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну кызды машинага зордоп салып, үйүнө алып барып жыныстык катнашта болууга аракет жасаган.

- Кыз көчөгө курбуларына чыкканда, ал аны машинага салып кетти, - дейт Маманова. - Туугандары дароо эле издеп башташты. Аларды тиги жигиттин үйүнөн төшөктө дырдай жылаңач жаткан жеринен табышты. Кыздын кийимдери айрылып,сабалып,  коркуп калган.
Активисттин айтуусунда, ал жаш жигит кызды бир нече жолу уурдап кеткен. Кыз аны менен тааныш болгон эмес, бирок анын аты Миша экендигин билчү.

- Ал мектепте жакшы окуйт, тарбиялуу, бул тууралуу анын мугалимдери көрсөтмө беришти, - дейт Маманова.

Vesti.kg сайты Баткен ИИБ маалымат кызматына кайрылганда алар шектүү Мишанын эмнеге эркиндикте жүргөндүгүн айтып беришти.

Милиционерлердин маалыматы боюнча, 12 жаштагы кыз 21 жаштагы жигит менен жатуугу макулдугун берген.

- Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 2005-жылы туулган М.К. зордукталган деген билдирүү милицияга 14 - октябрдан 15не караган түнү келип түшкөн, - дешет аймактын ИИБ.  - Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып жашы жете элек кыз өзүнүн 1996-жылы туулган А.М. деген таанышы менен барып төшөккө жаткан.

Укук коргоочулар Роза Маманованын кыздын сабалгандыгы тууралуу маалыматын четке какты.

- Иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө, кыздын мурда бул таанышы менен жоолугуп жүргөндүгү анык болду, - деп билдирет милиция. Соттук-медициналык экспетиза дайындалып, анын жыйынтыгында кыздык чел кабыктын айрылбагандыгы белгилүү болду. Кыздын денесинде сабалгандын белгилери табылган жок. Ушул себептүү А.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилген жок.

Бул факт боюнча КР КК 132 беренеси боюнча кылмыш иши козголду (Он алты жашка жете элек курактагылар менен жыныстык катнаш жасоо).

Манас Кольбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх