Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда «ИМ» лидерлеринин бири Абу Салахтын жакындары кармалды

Алардан граната, тротилдик шашкалар, Калашников автоматынын дүрмөттөрү жана башка куралдар табылган

Ош облусунун Өзгөн районунун ИИБ экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери ок дары жана курал жарактарды табышкан. 

Санкцияланган тинтүүнүн жүрүшүндө Өзгөн шаарынын тургундары 1975-жылы туулган С.Б. жана анын 1979-жылы туулган иниси С.Р. төмөнкүдөй куралдар табылды: РГД-5 кол гранатасы, эки даана тротилдик шашка, 17 даана Калашников автоматынын 7,62 калибрдеги дүрмөттөрү, дүрбүсү бар ТОЗ-8 кундактуу мылтык табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул жарандардын 2010-жылкы  июнь окуясындагы экстремисттик жана сепаратисттик иштерге тийшелери бар экендиги аныкталды.

«Ислам мамлекети» террористтик уюмдун активдүү лидери «Абу Салах» деген каймана аты бар Сиражиддин Мухтаров менен тыгыз байланышы бар экендиги жана Сириядагы согущтук аракеттерге катышкандыктары белгилүү болду.

Учурда тийешелүү иш чаралар көрүлүп жатат, алынган материалдар тийешелүү экспертизага берилди.

Ош облустук ИИБ маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх