Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты унаасын башкара албай жол кырсыгына кабылды. Анын апасы каза болду

КСДП фракциясынын депутаты жана анын үй бүлө мүчөлөрү ооруканага жаткырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыгына кабылып, натыйжада апасы каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ЖКККУБ маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы Бишкек-Ош автожолунун 27-километринде болгон. Эл өкүлү үй бүлөсү менен чогуу өзүнүн  «Toyota Land Cruiser» маркасындагы автоунаасына түшүп алышып борборго сапар алышкан.

- Нодирбек Каримов белгисиз себептер менен ролду башкара албай калып, машина жолдон чыгып кетип капталдап жатып калган, - деп йтышат милициядан. - Анын 1949-жылы туулган апасы Токтогул райондук ооруканасында каза болду.

Депутат, аялы жана кайын энеси ар кандай жараатарды алып ооруканага жаткырылды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх