Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чиновник жол талашып мушташа кетип каза тапты. Эки киши кармалды

Бул факт боюнча Бишкек ШИИБ кылмыш ишин козгоду

Бишкекте мушташтын айынан «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жол коопсуздугун камсыздоо Башкармалыгы билдирди.
Белгилүү болгондой, окуя кечке маал Душанбе жана Түштүк магистрал көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

- Машиналар кагышкан эмес, айдоочулар жол талашып мушташып кетишкен, - деп маалымдады милициядан. - Тирешүүнүн натыйжасында Маматназар Жакыпбаев башы менен жыгылып, андан соң каза болгон.

Ал ортодо Бишкек ШИИБ 104-берене 4б. менен кылмыш ишин козгоду (Адам өмүрүнө атайылап залал келтирүү).

- Учурда эки киши кармалды: Ш. уулу М. 1979-жылы туулган жана Ж. уулу М. 1979-жылы туулган. - Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди, - деп билдирди мекемеден.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www  




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх