Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция чиновниктерди жергиликтүү тургундардан сактап калды (видео)

Баткендиктер мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрүнө Шамбесай кенин чагындоого мүмкүнчүлүк беришкен жок

Баткен облусунун Майдан айылынын жашоочулары Шамбесай алтын кенин чалгындайбыз дегендерге мүмкүнчүлүк беришкен жок.  Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Баткен облусунун ИИБ айтты.

- Окуя кечээ болду, дейт мекемедегилер. - Айылдыктар комиссиянын мүчөлөрүнө анализ кылдыңар, эми топурактан пробага албайсыңар деди. Окуя болгон жерге Үч-

Коргондун милициясы келди. Укук коргоочулар кенден комиссияны чыгарып кетти. Эч ким жабыркаган жок. Жергиликтүүлөрдү эч ким кармаган жок.



Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты кытай компаниясы Шамбесай кенинде мыйзамсыз геологиялык чалгындоо кылып жүргөндүгүн жазган эле. Жергиликтүү тургундар КЭР жарандарын контейнерге камап өлтүрүп таштайбыз деп коркутушкан.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх