Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкек паркта» балдардын башына таш түшүп кетти (сүрөт)

Бөбөктөр батутта секирип жатышкан. Соода борборундагылар экинчи мындай кайталанбайт дешти

«Бишкек парктагы» балдардын батутуна шыптан таш куюлуп кетти. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Салимка Бекбосунова жазды.

«Балдарды «Бишкек парктагы»  fun city алып келдик, балдар батутта секирип жатышты. Анан алардын баштарына шыптан таш куюла баштады!!! - дейт посттун автору. Таштардын чоңдугун карагылачы!!! Убагында көрүп калып, балдарды тартып кетпегенде  баштарына тийет болчу!!!!  Администратор келди, эч нерсени түшүндүргөн жок. Кийинки жолу балдарды акысыз ойнотобуз деп сунуш кылды! Ушундан кийин бул жакка ким келмек эле??!! Кай жакты карап отурушат?? Бул деген балдар го!!! Барбагыла ал жакка!» ( орфография жана пунктуация сакталды).


Өз кезегинде «Бишкек парктын» администрациясы Vesti.kg сайтына чындап эле балдардын башына курулуш таштандылары түшүп кеткендигин айтты.

- Жогорку кабатта ремонт кылып жатышкан, таштандыларды сыртка алып чыгуу керек болчу, - деп түшүндүрдү соода борборунда. - Бизде атайын түтүк системасы бар, таштандыны зал аркылуу ташыбай ошол түтүк менен чыгарышат. Кум салынган каптардын бири жарылып төгүлүп кетиптир. Бул таштандыларды таш дегенге болбойт, алар тийсе ден соолукка зыян келтирмек эмес. Бүгүнкү күндө ремонт аяктады. Мындай нерсе экинчи кайталанбайт.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх