Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын Түркияга чыгарып кетип жаткан он миллион доллар тууралуу маалыматы жок

Булактардын маалыматы боюнча, «Манас» аэропортунда кыргыз жаранын ири суммадагы акча менен кармашкан

Улуттук коопсуздук кызматындагылар «Манас» аэропортундагы 10 миллион доллар менен кармалган кыргызстандык тууралуу маалыматы жок.

Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
- Бизде андай маалымат жок, - деп жооп беришти андагылар.

Эсиңиздерге салабыз, Vesti.kg сайты кыргыз жараны чоң суммадагы акчаны Стамбулга алып кеткени жатканда, «Манас» аэропортунан кармалгандыгы тууралуу мурда маалымдаган болчу. Ал кишинин жанында 10 миллион доллар бар болуп чыккан. Бул туурасында Vesti.kg сайтына өздүк булактар маалымдаган.

Кармалган киши бул акчанын чоо жайын айтып бере алган жок.

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай учурда ээсиз каражатты мамлекеттин бюджетине өткөрүп берүү керек болчу.

Ольга Федорчук

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх