Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендин каза болгон прокурору мурда өзүнүн кесиптештерине каршы күрөшөм деген

 Өлөөрдөн бир аз мурун Анарбай Мамажакыпов аны иштетпей жатышкандыгын айткан

Баткен облусунун өлтүрүлгөн прокурору Анарбай Мамажакыпов өзүнүн адилетсиз кесиптештери менен күрөшөм деген. Бул тууралу Vesti.kg сайтына түштүктүн жарандык активисти Роза Маманова айты берди. Ал Мамажакыпов өлөөрдөн мурдараак маектешкен.

2018-жылдын 18-ноябрында мен анын кабылдоосунда болдум, - дейт Маманова. - Жоолугушууда мен Кызыл-Кыянын экс-мэри Мамыт Ботоев менен соттошуп жаткандыгымды айттым. Мени мурда мыйзамсыз соттошкондугун тактадым. Ал угуп болуп, прокурор Нурланбек Өмүрбек уулун чакырды. Ал менин ишимди алып барган прокурор болчу, ал менин келтирген жүйөлөрүмдү толук карабагандыгы үчүн аны урушту.  Мен да аэропорттогу мыйзамсыз сатылган жер участоктору тууралуу айттым. Анарбай Жакыпов мага баарын көрүп турам, бирок мени иштетпей жатышат деди. Ал мага өзүнүн жеке номерин берди да, чалып ушундай мыйзам бузуулар тууралуу айтып турушумду өтүндү.

Жарандык активист Мамажакыповдун өлүмүнө анын кесиптештери кириптер экендигине ишенгендигин айтты.

- Мен аны менен маектешкенимде, ал мага акыркы күндөрү кесиптьештери менен күрөшүп жаткандыгын айткан, - деп белгилейт Маманова. - Бул жерде Баткендин прокурорунун орун басары өзү да кийлигишкен болуу керек. Бул өлтүрүү кокусунан эле масчылыкта болгон эмес. Бүгүнкү күндө Баткен облусу коррупция менен наркотрафиктин эпицентри болуп калды. Прокуратура наркотикалык заттарды алып өткөндөрдөн өз үлүшүн алат.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун кыйнап өлтүрүлгөн денеси ушул жылдын 18-ноябрында табылды.

Кээ бир маалыматтарда Мамажакыпов өлөөрдүн алдында алты прокурор менен жана анын өлүмүнө шектелип кармалган Баткен мэриясынын МКБ начальниги М.К. болуп аңчылыкка чыгышкан.

Башкы прокуратурада Vesti.kg сайтына башпрокурор Өткүрбек Жамшитов жагдайды аныкташ үчүн Баткенге чыгып кетти деп билдиришти.

- Биз анын башка прокурорлор менен кошо болгондугун тактай албайбыз, - деди башкы көзөмөл органындагылар. - Азыр Өткүрбек Жамшитов башкарманын начальниги менен бирге муну аныктоо үчүн чыгып кетти.

Андан сырткары, Башпрокуратуранын маалымат кызматы Анарбай Жакыпов 2018-жылдын март айында Баткенге которулгандыгын тактады.

Учурда өлтүрүүгө шектүү Баткен мэриясынын МКБ башчысы Мелис Калыков ИВСке киргизилген.

Ага карата эки кылмыш иши козголду: КР КК 97-берене боюнча (киши өлтүрүү) жана «ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун» бузгандыгы үчүн.

(Vesti.kg сайтынын редакциясынын көз карашы маектешинин көз карашын туюндурбайт)

Манас Көлбаев

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх