Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Instagram социалдык тармагында Ошто жаңжалдашып кеткен кызды бетке тээп салган (видео)

Таякталган кыз арыз жазуудан баш тарткан, бирок милиция тергөө амалдарын жүргүзүп жатат

Ош шаарында мектеп жашындагы кызды сабап, болгон окуяны уюлдук телефонго тартып алышкан. Жаңжалдын видеотасмасы бүгүн социалдык тармактарда пайда болду.
Тасмадан кыздардын бири жабырлануучу кыздын кечирим суроосун талап кылып бетке тээп жаткандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле ал жерде ХБКлык Бема деген ат аталып жатат ( Ош шаарындагы район).

Vesti.kg сайтына Ош шаарынын ИИБ маалымат кызматы билдиргендей, мушташ ушул жылдын 21-жетинин айында болгон.

- Кыздар Instagram социалдык тармагында таанышып, ал жерден урушуп кетишкен, андан соң жоолугушууну белгилешет, - деп түшүндүрөт милициядагылар. - Жабырлануучу арыз жазуудан баш тартат, бирок бул факт боюнча тергөө амалдары баары бир жүргүзүлөт.


Мектепте окуган кызды урган кыздар 2001-жылы туулган кыздар экендигин билдиришти. Ал кыздар эч жерде окушпайт.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх