Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-казак массалык мушташы. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги чатактын чоо жайын түшүндүрөт (видео)

Жаңжалдын катышуучуларынын бири жандандыруу бөлүмүнө түштү, экинчисинин ээгин сындырып салышкан

Кыргыздар менен казактардын массалык мушташы тууралуу эч нерсе белгисиз. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин маалымат кызматы билдирет.

- Учурда бул кырдаалдын чоо жайын аныктап жатабыз, - деп билдиришти элчиликтин өкүлчүлүгүнөн.

Түшүндүрө кетели, 22-жетинин айында Амур облусунун Свободненский районундагы газ кайра иштетүүчү заводдун аймагында эки жумушчу топтун ортосунда массалык мушташ болуп өттү. 2x2.su жаңылык порталы тактагандай, жумушчулар Казакстан менен кыргызстандын жарандары.



Кийинчерээк Instagram социалдык тармагында окуянын видеосу таркады. Тасманын авторунун айтымында, кыргыздар менен казактардын ортосундагы жаңжал көр тириликтин айынан чыккан. Ошондой эле, компаниянын кызматкеринин бири жандандыруу бөлмүнө жатып, дагы биринин ээги сынгандыгын билдиришти.

Амур облусунун ИИМБ бул маалыматты ырасташты. Полиция кызматкерлери 18 жаштагы жигиттин катуу жаракат алгандыгын да такташты. Свободненскийдин ИИБ тергөө бөлүмү РФ КК 111 беренеси 1 б. менен кылмыш ишин козгоду «Денеге атайылап залака келтирүү». Бул кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жигит кармалды. Аны тергөө абагына киргизишти.

Амурдун 2ч2.su жаңылык порталы ошону менен кошо мушташтын айынан заводдо иштеген 19 жаштагы жигиттин да жаракат алгандыгын билдирди. Бул факт боюнча РФ КК 116 беренеси менен кылмыш иши козголду «Сабоо же күч колдонуу».

Учурда болуп өткөн окуянын себептерин аныктап жатышат. Иликтөө уланат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх