Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунун прокурорун өлтүрүү. Мурда жашырып жаткан дагы бир ат калкып чыкты

Кылмышка шектелип жаткандын эжеси жаңы жагдайдын фактысын айтып, Сооронбай Жээнбековго кайрылды

Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө шектелип жаткан Мелис Калыковдун эжеси Дариха Калыкова ачык кайрылуу жарыялады, анда ал өзүнүн бир тууганын күнөөсү жок деп кайрадан билдирди.

Ал аял төмөнкүлөрдү жазган:

«Мен, Калыкова Дариха Буркановна, Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө шектелип жаткан Калыков Мелис Буркановичтин эжеси болом.

Баарына белгилүүболгондой, 17-жетинин айында чуулгандуу окуя болду, Баткен облусунун прокурору Мамажакыпов Анарбай Кубатидинович мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Ал ишке негизги шектүү катары прокурорлордун көрсөтмөсү боюнча, менин иним Мелис Калыковду аныкташты. Алар мергенчиликте бирге болушкан.

Менин иним Мелис Калыковдун күнөөсүз экендигин төмөнкү фактылар далилдейт:

19-жетинин айында Баткен ИИБнын маалымат катчысы Дамира Юсупованын «Азаттык Үналгысы» маалымат агенттигине берген интервьюсунда төмөнкүлөрдү айтты: «Мергенчиликте прокуратуранын 6 кызматкери болгон. Булар өлгөн А.К. Мамажакыпов, анан 2 орун басары, Баткен районунун прокурору, 2 башкарманын начальниктери жана менин иним Мелис Калыков».
Бирок, бизге белгилүү болгондой, дагы бир адам болгон ал жерде. Ал жигиттин аты Эрнис экен, ал «Аюу-Холдинг» арак-шарап компаниясынын өкүлү. Ал Баткен райондук прокурорунун жакын досу экен. Баткен районунун прокурорунун жакын досу мергенчиликке бир чоң куту «Level» арагын алып барган. Ошондой эле Эрнис тууралуу ИИБ маалымат катчысы да, прокуратура да ооз ачпайт.
Ушул жерден суроо туулат: эмнеге жашырып жатышат??????»

Андан сырткары, Баткен районунун прокурору мергенчиликке «313 АС» мамлекеттик номери бар кызматтык Нива автоунаасы менен дем алыш күнү чыккан. Бул иш аракет кызмат абалынан ашыкча пайдалануу катары каралса болот.

Баарынан кызыгы жана таң калыштуусу Баткен районунун прокурору Калыбеков менин иниме машина тап деп өтүнгөн. Бардык эле мамлекеттик кызматкерлер билишсе керек, эч кимиси анын өтүнүчүнөн баш тарта албайт да. Себебин өзүңөр билесиңер. Ошондуктан менин иним биздин каршы болгонубузга карабастан, макул болуп жана досунун Лексус 470 автоунаасын алган.

2) Андан сырткары, элдер мына буларды көрүшкөн: менин иним мергенчиликтен Турмаматов көчөсү менен кайтып келатканда, Баткен районунун прокурору Калыбеков анын жолун өзүнүн кызматтык автоунасы менен тороп, токтоткон. Ал келип машинада шефтин (Мамажакыповдун) устукандары жана буюмдары калып калыптыр деп багаждан дагы бир нерселерди алган. Андан ары ал менин иниме дагы арак ичүүнү сунуштап, ичишкен. Андан кийин прокурор Калыбеков кетип баратып Лексустун ачкычын ала кеткен. Менин иним машинанын эшигин ачык таштап калтырып, келинчегине чалып үйүнө кеткен. анан ошол эле прокуратуранын кызматкерлери артынан келип кармашкан аны.

24-жетинин айында Баткен ИИБ башчысынын орун басары Усанов Арстан маалымат жыйынында прокурор Калыбеков ИИБнө чалып Турмаматов көчөсүндө Лексус автаунаасын көргөндүгүн билдирген. Андан кийин милиция кызматкерлери Лексустан кан болгон бычакты, окторду табышкан жана Лексустун кан болгон эшигин көрүшкөн.

Ушул себептүү чоң маселе жаралат: Эмне үчүн райондун прокурору Калыбеков Лексус автоунаасынын ачкычын алып кетет??? Эмне максат менен??? Ал эмне үчүн менин инимди издеген, ал убакта баары өлтүрүлгөн прокурорду издеп жатышкан болсо???

3) Ошондой эле төмөнкүлөрдү белгилей кетүү абзел: бүгүн Баткен районунун прокурорунун милдетин аткаруучу Санжар аттуу жигит. Ал тууралуу да элдин пикири жаман.

Өлтүрүлгөн прокурор А.К. Мамажакыповду биринчи болуп Санжар түндө көрүүчү жабдуусу аркылуу таап, милицияга билдирген. Муну Баткендин эли айтып жүрүшөт.

Прокурор Санжар кайдан билген ал жакта өлтүрүлгөн прокурордун денеси жаткандыгын??? Баткен шаары тоолор менен курчалган.

Эмнегедир ИИБ башчысынын орун басары Усанов Арстан маалымат жыйынында өлгөн прокурордун денесин милиционерлер табышты деп айтат, бирок элдин баары андай эмес экендигин билишет. Анткени кызматкерлердин баары Баткендин тургундары.

Ошондой эле, прокурор Санжар эртеү менен прокурорлордун мергенчиликке кетип жатышкандарын көргөн, ошондуктан бул иште күбө болуп саналат. Андан сырткары, прокурор Санжар сот жараянында мамлекеттик айыптоочу болгон жана менин иниме бөгөт чарасын көрүү чечимин кабыл алган.

Ушундан кийин ким тергөөнүн калыстыгына жана мыйзамдуулугуна кепил боло алат??? Ошол эле прокурорлордун кесиптештери бул кылмышты иликтеп жатпайбы.

Эмне үчүн менин иним негизги шектүү??? Анткени мергенчиликте болгон бардык прокурорлор менин инимди өлгөн Мамажакыпов менен мушташкан деп жатышат. Бирок, эмнегедир алар мушташтан кийин өлтүрүлгөн кишини менин иним менен бирге жиберишкен!

Ал жерде чындыгында кандай болгондугун бир гана киши айтып бере алат, тилекке каршы аны өлтүрүп салышты! Барыңыздар билгендей, бул жерде кимдин колунда бийлик болсо, чындык ошонуку болуп жатат. Бул жагдайды менин иним жалгыз болуп калып жатат, ал эми ага каршы 5 прокурор көрсөтмө берип жатат. Тергөө кимге ишенет - менин инимеби же 5 күбө болгон прокуроргобу????

Өлтүрүлгөн прокурор Баткенде болгону 5 ай иштеген, ал эми кызматтан четтетилген прокурорлор жана алардын ордуна келгендер көптөн бери иштешет. Бири бирин жакшы билишет.

Элдер кылмыш ишинде эмнелер мотив, далил жана көрсөтмө болоорун эң сонун билишет. Бирок алар Баткендин эли билген фактыларды угуза алышпайт.

4) Менин иниме карата Кылмыш кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголду (киши өлтүрүү) 4 пункт (кызматтагы же ккомдук парзды аткаруучу адамда ) 6 пункт ( өзгөчө мыкаачылык менен) 11 пункт (адам уурдоо же барымтага алуу), 13 пункт ( кылмышишин жашыруу максатында же аны жумшартуу максатында).

Бул жерде суроо пайда болот: Прокурорлордун мергенчилиги кызматтык ишмердүүлүккө киреби??? Болбосо бул мергенчиликти уюштурган Баткен районунун прокурору кандай деп эсептейт муну.
Эгерде прокурорлордун баары бирге кетишкендерин айтып жатышса, кайдагы уурдоо же барымтага алуу болот???

Инимдин башка кылмыш ишин жашыруу максаты болгон эмес, анткени анын орун басары Акипресске ККБ мурда прокуратура текшерип, эреже бузууларды оңдоону эскерткен жана ал эреже бузуу оңдолгон.

Юристтер айткандай, менин инимдин прокурор А.К. Мамажакыповду өлтүрүүгө мотиви болгон эмес.

Элдер айтып жүргөндөй, мотив облустун прокурору болгусу келип жүргөндөрдө болгон, анткени алар өздөрүнүн кыңыр иштерин шефинен жашырып жүрүшкөн.

5) өлгөн А.К. Мамажакыповдун бир тууган иниси Өскөн Мамажакыпов «Нью ТВ» телеканалынан анан агасынын өлүмүнө кесиптештери аралашкан деп айтты.

Ошондой эле жарандык активист Роза Маманова «vesti.kg сатына» жана «Азаттык Уналгысына» берген инт ервьюсунда өлгөн прокурор өлөөр алдында ага «биринчи кезекте өзүнүн кесиптеш прокурорлору менен» күрөшөөрүн айткан. Ошондой эле Маманова А.К. Мамажакыповдун өлүмүнө анын орун басары катышкан болушу мүмкүн экендигин айткан. Анткени Баткен наркотрафиктин жана коррупциянын эпицентри деген.

25-жетинин айында маркумдун Алай районундагы туугандары тергөөгө ишенбестиктерин, анткени өлтүрүүгө анан кесиптештери аралашкандыгын, анткени ал прокуратурадагы коррупция менен күрөшүп жүргөндүгүн айтышты.

6) 23-жетинин айында Кыргыз Республикасынын кыйноолорго каршы улуттук борборунун кызматкерлери Баткен элинин кайрылуусу боюнча менин иним Мелис Калыковго кирип чыгышты, алар кыйноонун белгилерин көрүшкөн жана ал сүрөттөрдү интернет сайттарда көрсөтүшкөн.

Менин иним кыйноо астында монуна алгандыгын кыйноонун алдын алуу Улуттук борборунун кызматкерлерине айткан. Милиуионерлер кантип кыйнагандыгын баары билишет. Менин иниме каршы кыйноо ИИБ башчысынын орун басары Усанов Арстандын жетекчилиги астында болгон. Бул тууралуу мага кызматкерлердин өздөрү айтып беришти.

Биз башпрокуратурага кайрылалы дедик эле, бирок алар да прокурорлордун өлтүрүүгө катышкандыгын билеби деп коркобуз. Мундирдин абийри үчүн да күнөөнү менин иниме оодарып коюулары толук мүмкүн. Анткени андай болгон күндө прокуратура өзүнүн көзөмөлдөөчү орган экендигин жокко чыгарат.

Бул фактыларым менен мен биздин Президентибиз С.Ш. Жээнбековго, Спикер Д.А. Жумабековго, Омбудсмен Т.Б. Мамытовго кайрылдым. Алар тергөөнү ачык жана калыс камсыздап берүүсүн өтүнөм

Кайрылууну Дариха Калыкова өзү жазган.
(Редакциянын көз карашы кайрылуунун авторунун пикирин билдирбейт)

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх