Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокурорду өлтүргөнгө шектелгендин жүзгө жакын туугандары митингге чыгышты

Нааразычылык акциясынын катышуучуларына Баткендин мэри да кошулду

Баткенде облустук прокурор Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектелгендин туугандары митингге чыгышты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына өкмөттүн аймактык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, акция бүгүн эртең менен саат 10:30 башталды.

- Тынчтык митинги өтүп жатат, - деп маалымдады мекемеден. - Мурда шектелгендин туугандары Баткендин ыйгарым укуктуу ңкүлү менен жоолугушкан. Андан сырткары, алардын арасында азыр мэр да бар.

Митингдин катышуучулары тергөөнү адилеттүү кылып, ошол күнү Мамажакыпов менен мергенчиликке кошо чыккан прокурорлорду да жоопко тартууну талап кылышууда.

Баткен облусунун ИИБ маалымат кызматы Vesti.kg сайтына митинг эч кандай өзгөчө окуясыз түп жаткандыгын билдирди.

Алар Баткен мэриясынан митинг өткөрүүгө уруксат алышты, - деп билдирет милициядан. - Сыртынан караганда коомдук тартипти бузган эч ким байкалбайт.

Белгилүү болгондой,митингге чыккандар жүзгө чукул адам.

Эске салсак, быйыл 18-жетинин айында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси табылган. өлтүрүүгө шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш Башкармасынын башчысы Мелис Калыков кармалган.

Мурда кыйноолорго каршы Улуттук борбордун өкүлдөрү Мелис Калыковду милиция кызматкерлери мойнуна алдыруу максатында кыйнагандыгын билдиришкен эле.

Бирок Кыргызстандын ИИМ бул маалыматты четке кагып, шектүүнүн денесиндеги көктөрү өлтүрүлгөн адам менен болгон мушташта болгон деп билдиришти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх