Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өлгөн прокурор кесиптештери менен урушкан эмес. Ал эми Калыковдун өлтүргөнгө себеби болгон

Башпрокуратуранын маалыматы боюнча, Анарбай Мамажакыпов, Баткен облусунун ККБ начальнигин бир нече жолу кылмыш ишин козгойм деп коркуткан

Башпрокуратура Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун кесиптештери менен урушкан фактыны таба алган жок. Бул туурасында Башпрокуратуранын ыкчам-иликтөө жана тергөө боюнча көзөмөл боюнча начальниги Замир Бейшекеев маалымат жыйынында билдирди.

Анын сөзү боюнча, мурда Vesti.kg сайтына берген жарандык активист аял Роза Маманованын маалыматы такталган жок.

- Бул доо арыз мурда эле Башпрокуратуранын тергөө органы тарабынан да, кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан да текшерилген, - деп белгиледи ал. - Иликтөөнүн жүрүшүндө Баткен облусунун прокурорлорунун ортосундагы жаңжалды далилдей турган кандайдыр бир каттар, рапорттор, ыкчам чогулуштардын протоколдору табылган жок.

Жаңжал тууралуу маалыматты облустук прокурорлордун өздөрү да ырасташкан жок.
- Андан сырткары, Баткен облусунун прокуратурасынын бардык кызматкерлери суракка алынган, - деп билдирди Бейшекеев. - Алар өз кезегинде жетекчилик менен эч кандай жаман мамилелер болгон эмес деп түшүндүрүштү.

Эске салсак, мурда жарандык активист Роза Маманова Vesti.kg сайтына Мамажакыпов менен өлөөрдөн бир ай мурун жоолукканда, ал ага абийири таза эмес кесиптештерим менен күрөшүп жатам деп айткандыгын билдирген эле.

Маманова облустук покурордун өлүмүнө анын орун басарларынын катышытыгы бар экендигин билдирген.

Бейшекеев прокуратура кызматкерлеринин мергенчиликке чыгууга уруксаты болгон эместигинбилдирди, ошондуктан алар тийешелүү жазаларын алышат.
КР БП башкармалыгынын башчысынын сөзү боюнча, өлтүрүүгө себеп бир гана Баткен ККБ начальниги Мелис Калыковдо гана болгон.

- Айыпталуучу мойнуна алган көрсөтмө берди, - деп баса белгиледи Бейшекеев. - Ал Анарбай Мамажакыповдун анын эреже бузуулары үчүн кылмыш ишин козгойм деп бир канча ирет коркуткандыгын айтты. Мамажакыпов тарабынан Калыковдун ишине дайыма текшерүү жүргүзүлүп турган. Пландуу да, пландуу эмес да текшерүүлөр болчу.

Сөзүнүн аягында Бейшекеев ролдогу Калыков трассадан чыгып Тажикстан тарапка кирип, ошол жерден жаңжалдашып, өлтүргөндүгүн айтты.

- Эмне үчүн мындай кылгандыгы тууралуу жоромол көп. Бирок биз муну кылмыштын изин жашыруу максатында болгон депэсептейбиз, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурорунун денеси ушул жылдын 18-жетинин айында табылган. Мурда анын октон каза болгондугу белгилүү болгон. Андан сырткары мыкаачы анын денесин өрттөгөн.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх