Ысык-Көлдө, сарайдын ичинде асынганы калган небересин чоң атасы куткарууга үлгүрүп калды
Мектеп окуучусу сүйгөнүнүн өлгөнүн угуп, өзүн өзү өлтүрөйүн деген
Ысык-Көл районунун тургуну сүйгөнүнүн өлгөнүн угуп, өз жанын кыйганга аракет кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ИИБ маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
17 жашар кыз сарайдын ичинде асынып ала жаздаган, - деп тактады ал. - Анын бактысына чоң атасы көрүп калып, сактап калган.
Белгилүү болгондой, анан жигити Бишкекте жашаган.
- Анын өлүмүнө эмне себеп болгондугну азырынча белгисиз, - деп ал сөзүн аяктады.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз