Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция улгайган кишини издеп жатып, өзүнүн кесиптешине - ЖККК начальнигине келип такалды

ИИМдин ИИК кызматкерлери жөө кишини өлтүрө сүзүп кеткен маичини кармашты

ИИМдин ИИК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБ ЖККК начальниги кармалып, кылган кылмышын мойнуна алды.
Анткени, 2018-жылдын 3-бештин айында Ысык-Ата районунда, болжол менен саат 02.00 дө күмүш түспөл автоунаанын айдоочусу 18 жаштагы жаран С.Б. сүзүп кеткен, андан соң белгисиз бир жакка айдап кетип изин жашырган.

Жаран алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген. Ошол эле күнү Ысык-Ата районунун ИИБ тергөө кызматы кылмыш ишин козгоду.
Алдын ала иликтөөлөрдүн жүрүшүндө, жол кырсыгын 63 жаштагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну кылган. Бирок бул факт боюнча ИИМ ИИК башка ыкчам маалыматты тапты. Тактап айтканда, из жашырып кеткен айдоочу болжол менен ИИМдин ЖККК кызматкерлеринен болгон.

Ошентип, жол кырсыгы болгон аймактагы видео байкоо жазууларын тыкыр иликтөөнүн натыйжасында, ролдо улгайган киши эмес, жаш жигит болуп чыкты.
Кечээ, 2018-жыл 5-бештин айында ИИМ ички иликтөө Кызматынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук РИИБ ЖККК началиниги О.М. кармашты. Ал кылган кылмышын мойнуна алды.

Учурда милициянын прапорщиги О.М. Ысык-Ата ИИБ тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Чүй облусунун МИИБ маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх