Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын жол жана унаа министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

УКМКнын коррупциягы каршы кызматынын кызматкерлери чиновникти кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти

Кечээ, 2018-жылдын 5-бештин айында, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы 50 000 доллар пара алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жол жана унаа министринин орун басары «Ж.А.» кармалып, кылмыш иши козголду (болжол менен ал киши Жусубалиев Азимкан Ильясович).

Көрсөтүлгөн акча каражаты «Эпкин-Дыйкан (Башкууганды, (км 89,5 – км 159,2) бириктирүүчү жолунун аймагы, ЦАРЭС 1 и 3 коридору» калыбына келтирүүчү долбоордун жана жол курулушунун аткарылышы үчүн тендерде оңдуу чечим чыгарып берүү үчүн алынган. Кармалган киши ал тендердик комиссияга төрагалык кылып, чет элдик бир компаниянын колдоочусу болгон.

Белгилеп кете турган нерсе, бул айтылган сумма чет элдик компания «Ж.А.» га бере турган сумманын баары эмес, ал компаниянын кызыкчылыгы үчүн 520 миң доллар алмак, анын бир бөлүгүн, тактап айтканда 120 долларын «Ж.А.» мурда ортомчулардын катышуусунда алган. Ал ортомчу өзүнүн тууганы болгон. Акчанын калган бөлүгүн келээрки жумада алмак.

Учурда кармалгандар УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх