Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жамшитбек Калилов: Менин орун басарымды кармоо күтүлбөгөн окуя болду, эмдигиче ишене албай турам

Транспорт министри пара менен кармалган чиновник мекемеде коррупция менен күрөшүп, ишинен жакшы жактары менен көрүнгөн, деп билдирди

Пара менен кармалган транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев коррупция менен күрөшүү иш чараларын башкарып келген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган мекеменин башчысы Жамшитбек Калилов айтып берди.

Анын сөзү боюнча, ал Жусубалиев менен бирге иштеген бир жарым жылдын ичинде мыйзамсыз бир да ишин байкаган эмес.

- Бир жарым жыл ийиндеш туруп, министрликтеги коррупцияга каршы багытта күрөш алып бардык, - деп түшүндүрдү Калилов. - Коррупциялык схеманын алдын алып токтотуу үчүн, көчмө лаборатория алып келдик, паспорттоштурдук, өткөрмө бекеттерде банкоматтарды орноттук акчаны колуна бербесин деп. Андан сырткары, көлөм, салмак көзөмөлүн бир жерден текшере турган кылдык. Көп эмгек жана убакыт сарпталды. Канча күч жумшадык, мунун баары тигиндей болуп жокко чыгып отурат.
Транспорт министри үчүн анын орун басарын кармоо күтүлбөгөн окуя болду.

- Анын кармалгандыгы тууралуу жаңылык менин оозумду ачырды, азыркыга чейин ишене албай турам, - дейт ал. - Эгерде сотто айыбы далилденсе, мыйзамдын чегинде жазасын алсын.

Сөзүнүн аягында Жамшитбек Калилович анан орун басары азимкан Жусубалиев дайыма өкмөттүн тапшырмасын так аткарып жана өз ишин жакшы билгендигин кошумчалады.

Эске салсак, жол жана транспорт мнистринин орун басары Азимкан Жусубалиев 5-бештин айыда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалып кылмыш иши козголду. Аны 50 000 доллар пара алып жаткан жеринен кармашты.

Министрдин орун басары чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргойм деп 520 миң доллар сураган, 120 миң долларын мурда алгандыгы билдирилет.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх