Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: «Бурулайды Марс ала качкан жок, ал өз эрки менен кеткен»

Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча сот отуруму уланып, тараптар жарыш сөзгө чыгышты

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бурулайдын өлүмү боюнча сот отуруму өтүүдө.Ушул убакта сот отурумунда жарыш сөз башталды. Сот процесси Бурулайдын өлүмүнө күнөлүү деп кармалган Марс Бөдөшөв ооруканадан чыгарылгандан кийин башталды.

Ал каргашалуу окуядан кийин үч ай өткөн соң, 5-сентябрда гана Марс Бөдөшөвтун үстүнөн козголгон иш боюнча сот отурумунда жабырлануучу тараптын жактоочулары аймагы жагынан ала качуу окуясы Бишкек шаарынын Свердлов районунда болгондуктан ишти кароону ошол Свердлов райондук сотуна жиберүүнү өтүнүшкөн. Сот келтирилген далилдерди туура деп таап, ишти кароону Бишкек шаарына жөнөнткөн.

Буга чейин Марс Бөдөшөвтун үстүнөн козголгон иш боюнча бир нече сот отурумдары болгон.Бүгүн жарыш сөздө Марс Бөдөшөвтун жактоочусу Марс Бурулайды ала качкан эмес деп, алар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндүктөн Бурулай өз эрки менен Марстын машинесине түшүп кеткен деп айтты.

«Марс менен Бурулай 3 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн,муну экөө бирге түшкөн сүрөтү, Бурулай өз колу менен Марстын атасы Үсөн Бөдөшөвтун банктан алган кредитин төлөгөнү далилдеп турат»-деди жактоочу. «Эгер Марс Бурулайды ала качып кеткен болсо, анда Бурулайдын жолдо кетип бара жатканда качып кете турган көп мүмкүнчүлүктөр болгон. Мисалы, Марс май куючу жайга токтогондо Бурулай машинеден качып кетсе болмок. МАИ кызматкерлери токтоткондо Бурулай неге аларга эркине каршы ала качып кеткенин айтып арызданган эмес. Жада калса милиция кызматкерлери Бурулайдан «сени ала качып кетттиби?»-деп сурашса Бурулай унчукпай күлүп койгон»-деп кошумчалады Марс Бөдөшөвтун жактоочусу.

Милицияга да ала качып кетти деп арызданбаганын жана Марс Бөдөшөв да тергөө учурунда Бурулай менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн айткан. Жабырлануучу тараптын Бурулай башкага турмушка чыгууга даярданып жатса Марс Бөдөшөв ала качып кетти деп айткан доосун Бөдөшөвтун жактоочусу четке кагып, кайсы жигитке турмушка чыгып жатканын айтышкан жок, Марс Бөдөшөв Бурулайды эркине каршы ала качып кайсы жигитке турмушка чыгуусуна тоскоол болгонун жабырлануучу тарап далилдешкен жок деди.
«Сот иши так далилдер менен жыйынтыкталышы керек деген аракетте мен экспертизаларды уюштуралы,тергөөчүлөрдү чакыралы десем бардык өтүнүчтөрүм канааттандырылган жок»-дейт Бөдөшөвтун жактоочусу.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 27-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Бурулай Турдали кызы бычакталып өлтүрүлгөн. Ошол мүнөттөрдө жанында аны ала качып кетип бара жаткан жеринен кармалган Марс Бөдөшөв болгон.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх