Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

18-декабрь Эл аралык мигрант күнү

Эл аралык мигрант күнүнө карата өкмөттүк эмес уюмдар үчүн жарманке өтүп жатат

Миграция боюнча Эл аралык уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун миграция боюнча Кыргызстандагы агенттиги, ЮСАИД, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы миграция кызматы, Эл аралык Эмгек уюму, ЮНИСЕФ балдар фонду жана Кыргызстандагы Европа биримдиги Эл аралык мигрант күнүнө карата бир топ чоң иш-чараларды уюштурууда.
Азыр өкмөттүк эмес уюмдар үчүн жарманке өтүүдө. Чет жакта керек болгон кесиптер жарманкеси, коопсуз миграция боюнча акысыз кеңеш берүү, ошондой эле ички миграция боюнча акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы талкууланууда.

Мигранттар үчүн атайын MigApp деген глобалдык тиркеменин бет ачаары өтүп жатат.

Эмгек мигранттары үчүн 1899 сандарын терүү менен түз байланышка чыгып, коопсуз миграция боюнча акысыз кеңеш алса болоору маалымдалды.
Ошондой эле бүгүн иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер ишке орноштуруу боюнча жарманке өткөрө турганы күтүлүүдө.
MigApp глобалдуу тиркемеси атайын мигранттарга жардам берип колдоо үчүн түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө бул тиркемени 1 миллион адам пайдаланып жүрөт.

2018-жылы өткөрүлгөн ички миграция боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгында иштеген ички мигранттардын 56 пайызын эркектер түзүп, көбүрөөк бөлүгүн ээледи. Ички мигранттардын ар бир үчүнчүсү аялдар болуп саналат. Ал эми иштебегендердин арасында аялдар 67 пайыз, ал эми эркектер 43 пайызды түзгөн.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх