Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алайлык аксакалдар президент С.Жээнбековко кайрылышты

Баткен облусунда өрттөлгөн денеси табылган прокурордун жакындары бүгүн Ош шаарында пресс-конференция беришти

Маалымат жыйында киши колдуу болуп өлгөн прокурор Анарбай Мамажакыповтун атасы баш болгон Алайлык аксакалдар тергөөнүн адилеттүү жүрүшүн президент Сооронбай Жээнбеков менен башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон суранышты.

Аксакалдардын айтымында ошол каргашалуу күнү Анарбай Мамажакыпов жалгыз эмес болгон. Андыктан, маркумдун кесиптештери тергөөгө таасир этпеши үчүн аларды убактылуу болсо да иштен четтетиш керек.

Прокурорлор эс алган күнү адам өлтүрүүгө катышы барлардын баары «биз кетип калганбыз», «билбей калыппыз», «алар калып калган болчу» деген шылтоолорду айтып жоопкерчиликтен качып жатканын айткан маркумдун жакындары президент Сооронбай Жээнбековдон бул ишти жеке көзөмөлүнө алышын суранышты.
Маркумдун атасынын айтымында Чоң-Алайда да каргашалуу окуяга байланыштуу митинг уюштуруу демилгеси көтөрүлүп, эл көчөгө чыгуу ниетин билдиргенде аларды токтотконго аргасыз болушкан.

Киши колдуу болуп каза болгон прокурордун жакындары буга чейин шектелип кармалган жаранды н кылмышкер экенине ишенбегенин айтышкан эле.Анын үстүнө шектүү деп кармалган жаран прокуратурада иштебегендиги аныкталган.

Маркумдун атасынын айтымында Анарбай Мамажакыпов менен чогуу иштеген прокурорлор окуя болгондон 4 күндөн кийин Чоң-Алайга көңүл айтканы барышкан.Ортого алып суроо сала турган ыңгайлуу учур деп маркумдун жакындары прокурорлор отурган үйгө чогулушканда атасы Баткенден баргандарды аман-эсен өз үйүнө жетип алсын деп батыраак узатканга шаштым дейт.

Прокурорду өлтүргөн жаран жалгыз эмес,кесиптештери уюшулуп өлтүрүштү деген пикирди карманганын билдиришти. Анткени,кылмышка шектүү жаран 60 килограмм салмактагы бою кичине жигит болсо, прокурор Анарбай Мамажакыпов бою 185 сантиметр, салмагы 90 килограмм болгон.
Аксакалдардын айтымында буга чейин президент Сооронбай Жээнбековко кат аркылуу кайрылуу жазып жөнөтүшкөн.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин айрым жетекчилери прокурорду кокустан атып алган,тамеки жалындап күрмө күйүп кеткенден улам прокурор жан берген деген акылга сыйгыс маалыматтарды таратып жатышат. Бул туура эмес. Адамды атып, өрттөп жиберүү бул мыкаачылык. Анарбай Мамажакыпов Баткенге барганда жөнөкөй элге чөнтөк телефонунун номерин берип, коррупция менен күрөштү өз кесиптештеримен баштайм деп айткан.Биздин балабызды кесиптештери өлтүрүштү»-деди маалымат жыйынды уюштурган аксакал.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 18-ноябрь күнү Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычынын жанынан денесинин 80пайызы күйүп калган сөөк табылган. Ок атылып өрттөлгөн прокурордун денесине бычак да сайылганы аныкталган.

Анарбай Мамажакыпов Баткенге 2018-жылдын май айында прокурор болуп дайындалган эле.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх