Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Хашим Зайналиевди эки айга тергөө абагына киргизишти

«Табып-онкологду» мыйзамсыз дарыгерлик кылууга айыптап жатышат

Жаңжал менен атагы чыккан «табып-онколог» Хашим Зайналиевди эки айга 1-тергөө абагына киргизишти. Бул тууралуу Бишкек ИИМБ маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, элдик табып аталган Хашим Зайналиевге карата «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козголгон.

Мурда онкология жана гематология Улуттук борборунда 5 жашар кыз «табып» Хашим Зайналиевдин дарылоосунан кийин каза болуп калган. Анын Көк-Жар турак жай конушунда дарылоочу эмканасы бар.

Жабырлануучунун ата энелери ооруканага кайрылышкан, алардын кызына лейкоз деген диагноз коюлган экен ал жерге баргыча. Кыздын ата энелери химиялык дарылоодон баш тартышты. 5 жаштагы онкологиялык оорулуу кызды сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Кыздын ата энеси Зайналиевге карата арыз жазуудан баш тартышты.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх