Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокуратура кызматкери урган маичи дагы эле Балыкчынын ооруканасында жатат

Дарыгерлер ЖККК инспектору канчалык олуттуу жаракат алгандыгын айтып беришти

Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндөгүлөр Vesti.kg сайтына прокуратура кызматкери менен мушташкан жергиликтүү маичи кандай жаракат алгандыгын айтып беришти.

- Биз Балыкчынын жабырланган тургунунун диагнозун аныктадык, - деп билдиришти медициналык мекемеден. - ЖККК инспекторунун мээси чайкалып жана өң көзүнөн жаракат алган. Ал учурда травматология бөлүмүндө жатат. Биз азырынча анын абалын айта албайбыз.

Эске салсак, кечээ Vesti.kg сайты Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык прокуратурасынын мас кызматкери маичи менен мушташкандыгын билдирген.

Башпрокуратуранын маалыматы боюнча, окуя бештин айынын 22нен 23нө караган түнү болгон. Мушташтын себебин көзөмөл органындагылар билишпейт. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх