Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматынын мурунку башчысы Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келишти

Аны ЭКККМК кызматкерлеринин коштоосунда экстрадициялашты

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Кыргызстанга ЭКККМК кызматкерлеринин коштоосунда экстрадицияланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү Мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Анастасия Пискур билдирди.

- Бүгүн Адамкул Жунусов Ажербайжан Республикасынан Кыргыз Республикасына алынып келинди, - деп маалымдады мекеменин расмий өкүлү. Быйлкы жылы бештин айынын ичинде Кыргыз Республикасынынкаржы полициясы КР Башпрокуратурасы жана Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте МБК мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду тийиштүү эл аралык келишимдердин алкагында Кыргызстандын аймагына экстрадициялоо иш чарасы өткөрүлдү.

Эске салсак, 2018-жылы баш оона айында КР МБК мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго эл аралык издөө салынган. Ага карата КР КК 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Каржы полициясындагылар Жунусовдун МБК башчысы кызматын ээлеп туруп ЖЧК «А» менен коррупциялык туруктуу байланыш түзгөн жана буга бажынын башка адамдары да киришкен. Келтирилген зыян 167 миллион сомго бааланаган. Адамкул Жунусов Кыргызстандан качкандан кийин АКШда бекинип жүргөн. Ал бештин айынын бешинде Бакуга келген. КР МБК мурдагы башчысы эл аралык Гейдар Алиев атындагы аэропорттон кармалган.

Адамкул Жунусов Кыргызстандын бажы кызматын 2013-2016 жылдары башкарган.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх