Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак Үйдүн кашаасына түкүргөн киши алигиче түшүнүк кат жаза элек

Бишкек ИИМБ анын Ысык-Көл облусунан келишин күтүп жатат

Элдин көзүнчө атайылап Ак Үйгө түкүргөн кишини видеого тартып алышкан жана өздүгү аныкталган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ИИБ билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча ал жигит Тоң районунун тургуну.

- Аны Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ИИБ чакырышты, анын ошол жерде жашагандыгы аныкталды, - деп түшүндүрүштү укук коргоочулар. Анын иш аракети Бишкекте болгон, аны жоопкерчиликке ошол жакта тартышат. Ал бизге түшүнүк кат жазган жок.

Ал ортодо Бишкек ИИМБ маалымат кызматы Vesti.kg сайтына ал жигитти борборго алып келишкендиктерин маалымдады.
- Аны борбор калаанын милициясына чакырышты, - деп билдирди ИИМБ. - Мурдараак анык жашаган жери такталган болчу. Кийинчерээк ага көрүлгөн чара тууралуу маалымдайбыз.

Эске салсак, мурда тармактарда Ак Үйдүн кашаасына түкүргөн жаш жигиттин видеосу таркаган болчу. Ал бул кылыгы менен жогорку кызматтагылардын, депутаттар жана чиновниктердин ишине нааразылыгын билдирген. Андан сырткары, КР күчүнө кирген жаңы Кодексине каршы иш кылган.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх