Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конгантиевдин уулун сабоо. Милиция шектүүнү ооруканадан алып кете албай жатат

Чүй облустук ИИМБ күтүлбөгөн кыйынчылыктарга дуушар болду

ИИМ мурдагы башчысы Молдомуса Коңгантиевдин уулу Автандил Коңгантиевдин сабалгандыгы, Vesti.kg сайты сурамжылап баштагандан бир күн өтүп болсо да такталды. Чүй облустук ИИМБ расмий пресс-релиз таркатты. Бирок анын маанисинде бир нече суроо туудурган жерлери бар.

Тактап айтканда, облустук ИИМБ билдирүүсүндө милиция кылмыш кылган адамдын өздүгүн аныктаган. бирок тийешелүү чара көрө алган эмес, анткени 35 жаштагы Э. Кимсанов Ош шаарынын ооруканасында стационардык дарыланууда жатат. Ошондуктан тергөө амалдарын жүргүзгөнгө мүмкүн болбой жатат.

Vesti.kg сайты Чүй облустук ИИМБ маалымат кызматына ооруканада жаткан шектүүгө милициянын киришине эмне жолтоо болуп жаткандыгын билүү үчүн кайрылды. Бирок аймактык ички иштер Башкы башкармасынан да кызыктай жооп алды.

- Биздин маалымат боюнча, ал Ош шаарынын ооруканаларынын биринде стационардык дарыланууда жатат, ал жер Бишкек эмес, - деп деп жооп берди Чүй ИИМБ маалымат кызматынын өкүлү Назира Имангазиева.

Vesti.kg сайтынын редакциясынын түштүк борбордун да ИИБ бардыгын, анын кызматкерлери Кимсановго жок дегенде кирип чыкса боло тургандыгын айтканда, бизге төмөндөгүчө жооп болду:

- Мен баарын түшүнөм. Биз өздүгүн аныктадык. Зарыл болгон иликтөө иш чаралыран жүргүздүк. Ал стационардык дарыланууда жаткандыктан дарыгерлер бизге анын Бишкекке келе албастыгы тууралуу корутунду чыгарып беришти. Ушуга байланыштуу биз тергөө амалдарын жүргүзө албай жатабыз, - деди Имангазиева.

Эмне үчүн шектүү дарыланып бүтүп, Бишкекке өзү келмейинче милициянын күтүп тура тургандыгы бизге түшүнүксүз бойдон калды. Кылмышка шектүүгө милиция жок дегенде барып көз көрсөттүбү деген сурообузга, жок деп жооп беришти.

Ал эми Чүй облустук ИИМБ пресс-релизинин мааниси болсо төмөндөгүчө:

«Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыя кылынгшан факт боюнча билдиребиз, 2018-жылы бештин айынын жыйырма сегизинде Аламүдүн ИИБнө Бишкектин 35 жаштагы тургуну А. Конгантиев арыз менен кайрылган. ал өз арызында 2018-жылы бештин айынын жыйырма сегизинде болжол менен түнкү саат 02:00 де Лебединовка айылындагы ресторандын жанында белгисиз бирөөлөр анын денесине жаракат келтирип уруп кетишкен. Чара көрүүнү суранган. А. Коңгантиев денесине алган жаракатка байланыштуу Бишкек шаарынын ооруканасына жеткирилген. Бул факт Аламүдүн райондук ИИБ катталган. КР КК 234 беренеси (Бейбаштык) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тийешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Жогорудагы кылмышка тийешеси барлардын өздүгүн милиция аныктады. Алар 35 жаштагы Э. Кимсанов, азыр Ош шаарынын ооруканасында стационардык дарыланууду жатат. Экинчиси 28 жаштагы Р.Т. , аларга карата милиция кызматкерлери кармоо, жүргөн жерин аныктоо жана ыкчам иликтөө аракеттерин көрүп жатат».

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх