Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дарыгерлер чуулгандуу видеодо туулган күндү эмес, жылдык отчётту тапшыргандыгын белгилешкен

Саламаттык сактоо Министрлиги дарыгерлер жумуш убактысында майрамдап жаткан видеого комментарий беришти

Бишкектин балдар кликиникалык №3 ооруканасынын дарыгерлери туулган күн майрамдабай эле, жылдык отчетту ийгиликтүү тапшырып алышкандарын талкуулап жатышкан. Бул туурасында Vesti.kg сайтына социалдык тармактагы видеого комментарий катары саламаттык сактоо Министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалымат кызматынын маалыматы боюнча, медиктер бөлмөдө беш гана мүнөткө токтолуп калышкан.

- Үчтүн айынын он экисинде саат 8:45 чамасында амбулатордук-диагностикалык бөлүмдүн башчысы жылдык отчетту тапшыргандан кийин эмгек жамаатты беш мүнөттүк таңкы жыйынга чогулткан, - деп түшүндүрөт саламаттык сактоо Министрлигиндегилер. - Эмгек жамаат аны отчётту ийгиликтүү тапшырып алганы менен куттукташты, бул бар болгону беш мүнөттүк убакытты алган.
Дарыгерлер бөлмөдө чогулуп отурган учурда бңлүмгө ооруп келип кайрылган эч ким болгон эмес.

- Сурамжылоодо эки киши болгон, - деп белгиледи андагылар. - Хирург балдарды карап, аларды УЗИге жана кандын жалпы анализин тапшырууга жөнөткөн. Видеотасмада дарыгер минтип айтып жатат: «Мен баланын апасы менен сүйлөштүм». Бул анын крап чыккандыгынан кабар берет.

Эске салсак, видеотасманы таркаткан киши медиктердин жумушчу убактысында туулган күн тосуп отурушкандыктарын жана бөлмө шарлар менен кооздолгондугун айтат.

- Бөлүм башчынын туулган күнү бирдин айында, бөлмө болсо жаңы жылдан бери эле кооздолуп турат, - деп түшүндүрдү саламаттык сактоо Министрлигинен.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх