Көрүстөндөгү жарым жылаңач кыздын сүрөтү. Мындай иштер үчүн жазалоого болобу? (Сүрөт)
Ысык-Көл облусунун ИИБ маркумдун туугандары сотко кайрылышса болот деп түшүндүрүштү
Мусулман көрүстөнүндөгү жарым жылаңач моделдин сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларынын массалык нааразычылыгына туш болду.
Бул иштин автору - кыргызстандык сүрөтчү Артур Болжуров. Ал өзүнүн сүрөтүн фейсбукка жарыя кылып, бул сүрөт Ысык-Көлдө 2008-жылы тартылгандыгын билдирди.
Бул чыгарылыш көптөгөн интернет колдонуучулардын нааразычылыгын туудуруп, сүрөтчү менен моделдин дарегине сан миңдеген наалаттар жамгырдай жаады. Сүрөттү алып салууну талап кылышты.
Vesti.kg сайты Ысык-Көл облусунун ИИБ кайрылып сүрөтчүнүн жана моделдин бул кылыктарынын мыйзамга каршы жагы барбы деген суроо узатты.
Милиция мекемесинин маалымат кызматынын түшүнүк бергенине караганда, Болжуровдун бул иши «вандализм» беренесине туура келбейт.
- Бул нерсе вандализм деп эсептелбейт, анткени эч нерсе бүлүнгөн жок: алар тосмону же эстеликтерди бузган жок, - деп түшүндүрүштү ички иштер башкармасындагылар. - Бирок маркумдун туугандары сотко кайрылышса болот, өлгөн адамды кордоо катары жоопко тарттырышса болот.
Сүрөт быйыл бирдин айынын экисинде жарыяланган. Бүгүн автор ал чыгарылышты өчүрүп салды.
Манас Көлбаев
Сүрөт www